www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Автоунаалардын алдыңкы эшигинин терезелерин караңгылатууга уруксат берилген күндөн тартып өлкө бюджетине 70 миллион сомго чукул каражат түштү. Бул туурасында Ички иштер министрлиги билдирди.

"Унаа" мамлекеттик мекемеси 1-июндан 8-июлга чейин 864 автоунаага каптал айнектерин караңгылатууга уруксат кагазын берген. Андан түшкөн акча 69 740 000 сомду түзгөн. Дагы уруксат алууну каалаган айдоочулар болсо ортомчуларга алданбай түз эле "Унаанын" аймактык бөлүмдөрүнө жана секторуна кайрылуу сунушталды.

Белгилей кетсек, өлкөдө автоунаанын алдыңкы каптал айнектерин караңгылатууга 1-июндан тарта уруксат берилген. Ага ылайык, бир жылдык мөөнөткө жеке жактар 80 миң, юридикалык жактар 100 миң жана чет элдиктер 120 миң сом төлөп уруксат алат.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости