www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Манас" үчилтиги Монтана мамлекеттик университетинин магистранты Акылай Байматова тарабынан англис тилине которулду. Китептин ачылышы бүгүн, 9-августта, Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепканада өттү.

Китепти которгон Акылай Байматованын айтымынында, бул китепте Мар Байжиевдин вариянтындагы бардык кыргыздын баалуулуктары, каада-салты сакталган.

Белгилей кетчү жагдай, китепти которууга 5 жыл убакыт кеткен жана китепке кеткен чыгымды Байматова өзү каржылаган.

Ошондой эле, бүгүнкү китетин бет ачаарында “Манас” эпосунан алынган үзүндүлөр окулуп, сахналаштырылды. Иш-чарага маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов катышты.

Акылай Байматова "Манас" үчилтиги мындан ары дүйнөгө дагы да кеңири таанылат деп ишенет.

Дүйнөдө эң көлөмдүү деп эсептелген “Манас” эпосу кытай, англис, немис, француз, жапон, фарс, монгол, чех, болгар, венгер, уйгур, жана башка бир топ тилдерге которулган.

"Манас" эпосунун китеп болуп басылып чыккан варианттарынан сырткары Улуттук илимдер академиясында жана манасчылардын өздөрүндө 80ге жакын вариант сакталып келет.

"Манас" эпосунун үчилтиги ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастар тизмесине Кыргызстандын атынан катталган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости