www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын ички иштер министри, милициянын генерал-полковниги Улан Ниязбеков Түркия Республикасынын  ички иштер министри Мустафа Чифтчи мырза менен онлайн- жолугушуу өткөрдү.

Сүйлөшүүнүн башында Улан Ниязбеков Мустафа Чифтчи мырзаны Түркиянын ички  иштер министри кызматына дайындалышы менен куттуктап, жогорку кызматында ийгиликтерди каалады.

“Сизди Түркия Республикасынын ички иштер министри кызматына дайындалышыңыз менен чын жүрөктөн куттуктайм. Бул жогорку кызматка дайындалышыңыз - Сиздин буга чейинки жооптуу кызматтарда иштеп, мамлекетке жана түрк элине кылган эмгегиңиздин жогору бааланганы жана Сизге болгон ишенимдин белгиси деп эсептейм.
Сиздин бай тажрыйбаңыз Түркиянын Ички иштер министрлигинин ишин жаңы бийиктиктерге көтөрөт деп ишенем.

Сизге узун өмүр, чың ден соолук берип, бул жооптуу кызматыңызда албан ийгиликтерге жеткирсин. Ал эми боордош түрк элинин дайыма тынчтыкта жашап, өнүгүп-өсө беришине тилектешмин.”,-деди Улан Ниязбеков өз сөзүндө.

Онлайн-жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө жана ведомстволор аралык өз ара аракеттешүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулоого даяр экендиктерин билдиришти.

“Тез өнүгүп жаткан маалыматтык технологиялардын доорунда биз кылмыштуулуктун, анын ичинде эл аралык кылмыштуулуктун жаңы коркунучтарына каршы туруу үчүн боордош элдер катары өз ара аракеттенүүнү бекемдешибиз керек. Бүгүнкү күндө киберкылмыштуулукка, трансулуттук кылмыштуулукка, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы биргелешип күрөшүү, ошондой эле терроризмге жана экстремизмге каршы аракеттенүү өзгөчө актуалдуулукка ээ болууда. Биздин ведомстволор ортосундагы эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтык мындан ары да жогорку деңгээлде өнүгөөрүнө ишенем”,-деп билдирди Кыргызстандын ички иштер министри.

 

Последние новости