www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Айдоочулук күбөлүк алып берем деп алдаган алдамчылыктын бир катар фактылары боюнча шектуун кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын ИИББнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2025-жылдын 25-декабрь күнү Бишкек шаарынын Октябрь районунун ИИБна О.У. аттуу жаран жазуу жүзүндө арыз менен кайрылган.
Арыз ээсинин айтымында, 2025-жылдын 11-декабрь күнү Бишкек шаарынын Көк-Жар турак жай жаңы конушунан аз тааныш жаран өзүн А.К. деп тааныштырып, айдоочулук күбөлүк алып берүүгө жардам көрсөтөм деген шылтоо менен ишенимине кирип, алдамчылык жолу аркылуу 120 миң сом акчасын алып кеткен. Бүгүнкү күнгө чейин ал өзүнө алган милдеттенмелерин аткарбай, акчаны кайтарып берген эмес.
Бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 2-бөлүгү (Алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.
Тергөөнүн жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек шаарынын ИИББнын Кылмыш иликтөө башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан бул кылмышка шектүү катары 1998-жылы туулган Б.М. кармалган. Кармалган жаран тергөө кызматына жеткирилип, Кыргыз Республикасынын ЖПКсынын 96-беренесинин негизинде Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Тергөөнүн жүрүшүндө Б.М. алты факты боюнча алдамчылык кылмыштарына катыштыгы бар экени аныкталган. Учурда анын ушул сыяктуу башка кылмыштарга дагы тиешеси бар же жок экендигин аныктоо боюнча тергөө жана ыкчам иштер улантылууда.
Бишкек шаарынын ИИББгы жарандарга кайрылат:
Эгерде сиз аталган жарандан жабыр тарткан болсоңуз же анын башка кылмыштарга тиешеси тууралуу кандайдыр бир маалыматка ээ болсоңуз, төмөнкү телефон номерлерине билдирүүнү өтүнөбүз:
0 (505) 91-91-49, 0 (703) 35-15-65 жана 102.