www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин депутаты Адилет Белеков Тогуз-Торо районунда жана Балыкчы шаарында Жалпы республикалык тестирлөөдөн (ЖРТ) жогорку упай топтогон окуучуларды куттуктап, сыйлыктарды тапшырды.
Иш-чаранын жүрүшүндө эл өкүлү окуучулардын келечектеги окууларына ийгиликтерди каалап, каалаган кесиптерине жана жогорку окуу жайларга өтүүсүнө тилектештигин билдирди.
Жогорку балл алган окуучуларга акчалай сыйлыктар жана белектер тапшырылды. Ошондой эле Тогуз-Торо районундагы Макмал орто мектебине жана Балыкчы шаарындагы З. Исаева атындагы орто мектепке «Mercedes-Benz Sprinter» үлгүсүндөгү автоунаанын ачкычтары берилди.
Депутат билим берүү тармагын өнүктүрүүгө салым кошкон мугалимдерге, жергиликтүү билим берүү бөлүмдөрүнө жана демөөрчүлөргө ыраазычылык билдирди.