www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

30-июнда Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары суу менен жабдуу жана саркынды сууларды чыгаруу кызматтарынын жаңы тарифтерин бекитүү тууралуу токтом долбоорун жактырды.

Добуш берүүнүн жыйынтыгында документти 38 депутат колдоп, каршы добуш берилген жок.

Токтомго ылайык, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы макулдашкан базалык тарифтер суу менен камсыздоо үчүн 1 куб метрине 15,73 сомду, ал эми саркынды сууларды чыгаруу үчүн 1 куб метрине 6,8 сомду түзөт.

Бишкек мэриясынын маалыматына ылайык, бул тарифтер ишкананын учурдагы эксплуатациялык чыгымдарын жабууга мүмкүндүк берет. Бирок инфраструктураны жаңылоо, өнүктүрүү жана насыялык милдеттенмелерди аткаруу үчүн кошумча каражат талап кылынат.

Ушуга байланыштуу коммерциялык керектөөчүлөр үчүн жогорулатылган коэффициенттер каралган. Тактап айтканда, сууну көп пайдаланган мончо, сауна, унаа жуучу жай жана мал союучу жайлар үчүн коэффициент 3, ал эми башка уюмдар үчүн 2,1 болуп белгиленди. Ошондой эле үйдүн ички инженердик тармактарын техникалык тейлөөгө жылына ар бир чарчы метр үчүн 26,4 сом өлчөмүндө тариф бекитилди.

Мэриянын маалыматына караганда, мурдагы тарифтер 2023-жылы бекитилип, 2022-жылга чейинки экономикалык шарттардын негизинде эсептелгендиктен, бүгүнкү күндө ишкананын реалдуу чыгымдарын жаппай калган.

«Бишкексууканал» ишканасы тарифтерди кайра кароо зарылдыгын электр энергиясынын баасынын өсүшү, ошондой эле эл аралык насыялар жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлору боюнча финансылык милдеттенмелердин көбөйүшү менен түшүндүрдү.

Последние новости