www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Париждеги белгилүү Эйфель мунарасы аномалдуу ысыктын таасиринен болжол менен 10 сантиметрге узарып, анын чокусу бир аз кыйшайганы белгилүү болду. Бул тууралуу Франциянын RTL радиостанциясы билдирди.
Адистердин айтымында, мунара курулган темир материал жогорку температурада кеңейип, салкындаганда кайра жыйрылат. Инженер жана архитектор Бертран Лемуандын маалыматына караганда, абанын температурасы +40 градуска жеткен учурда Эйфель мунарасы орточо 10 сантиметрге чейин узарат.
Ошондой эле Күндүн суткалык кыймылы мунаранын формасына убактылуу таасир этет. Чыгыш, түштүк жана батыш тарабындагы бөлүктөр кезеги менен ысыгандыктан, мунаранын чокусу бир аз ийилет.
Адистер бул өзгөрүүлөр көзгө дээрлик байкалбасын жана азырынча эч кандай коркунуч жаратпай турганын белгилешүүдө. Бирок климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу узак мөөнөттүү ысыктар металл конструкциялардын эскиришин тездетиши мүмкүн.
Акыркы күндөрү Франция жана Европанын бир катар өлкөлөрү катуу ысыкка кабылды. Айрым аймактарда абанын температурасы +40 градустан ашып, миңге жакын адамдын өмүрүн алган. Каза болгондордун көбү улгайган адамдар экени маалымдалды.