www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 16-июнунда Өзбекстан Республикасында Кыргызстандын авторизацияланган соода павильонунун салтанаттуу ачылышы болуп өттү.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Кыргыз Республикасынын Өзбекстандагы Соода өкүлчүлүгү тарабынан “Food City” соода-логистикалык борбору менен биргеликте уюштурулду.
Максаты — ата мекендик продукцияны Өзбекстандын рыногуна илгерилетүү жана эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү.
Ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Туманов катышты.
Иш-чаранын алкагында 2026-жылдын 16–18-июну аралыгында кыргыз продукциясынын жарманке-көргөзмөсү өткөрүлүп, ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана Өзбекстан рыногундагы позициясын бекемдөөгө багытталды.
Көргөзмөгө «Памир», «Белая Река», «Алайку Органикс», «Медовая Артель», «Органик», «Келечек», ошондой эле «Атаман», «Султан» жана «Кымызстан» сыяктуу компаниялар катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө өзбек тараптын өкүлдөрү, дистрибьюторлор жана потенциалдуу өнөктөштөр кыргыз продукциялары менен таанышып, даам татуу жана үлгү тандоо иштери уюштурулду.
Ошондой эле үзгүлтүксүз жеткирүү жана кызматташтыкты кеңейтүү багытында сүйлөшүүлөр башталды.
Соода өкүлчүлүгү кыргыз товарларынын Өзбекстан рыногундагы катышуусун кеңейтүү боюнча иштерди мындан ары да улантарын билдирди.