www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер кабинети автоунаалардын алдыңкы каптал терезелерин караңгылатууга уруксат берүү акысын убактылуу төмөндөтүүнү сунуштады. 

Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды.

Долбоорго ылайык, 10-июндан 10-июлга чейин бир жылдык уруксаттын баасы 15 миң сомго арзандайт. 

Натыйжада жеке жактар үчүн төлөм 50 миң сомдон 35 миң сомго, юридикалык жактар үчүн 70 миң сомдон 55 миң сомго, ал эми чет өлкөлүк жарандар үчүн 90 миң сомдон 75 миң сомго чейин төмөндөйт.

МинКаб мындай акция буга чейин жакшы жыйынтык бергенин белгиледи.

Последние новости