www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Нью-Йорк шаарында Австрия Республикасынын Европалык жана эл аралык иштер боюнча федералдык министри Беате Майнль-Райзингер менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Тараптар кыргыз-австриялык кызматташтыктын учурдагы абалын жана келечегин талкуулап, саясий диалогду кеңейтүү, соода-экономикалык жана инвестициялык байланыштарды өнүктүрүү, ошондой эле маданий-гуманитардык кызматташтыкты чыңдоо боюнча пикир алышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө Европа Биримдигинин санкциялык саясаты да талкууланды. Жээнбек Кулубаев бир тараптуу чектөө чараларынын Кыргызстанга жана Борбордук Азия өлкөлөрүнө тийгизиши мүмкүн болгон таасирине тынчсыздануусун билдирип, эл аралык экономикалык байланыштарды саясатташтырууга каршы экенин белгиледи. Ошондой эле кыргыз тарап өз ара пайдалуу чечимдерди табууга багытталган ачык жана конструктивдүү диалогго даяр экенин айтты.

Министрлер эл аралык деңгээлде тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү маселелерине өзгөчө көңүл буруп, 2027-жылдын октябрь айында Бишкекте өтө турган Экинчи Глобалдык тоо саммитине даярдык көрүү боюнча пикир алмашышты.

Мындан тышкары, тараптар эл аралык жана аймактык күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди талкуулап, Бириккен Улуттар Уюмунун жана башка эл аралык уюмдардын алкагында көп тараптуу кызматташтыкты мындан ары да бекемдөөгө кызыкдар экендиктерин ырасташты.

Белгилей кетсек, бул жолугушуу үстүбүздөгү жылдын 10-апрелинде австриялык тараптын демилгеси менен өткөн эки министрдин телефондук сүйлөшүүсүнүн уландысы болду.

Последние новости