www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде агрардык секторду санариптик трансформациялоо маселелерине арналган жумушчу кеңешме өттү. Жыйын министрдин биринчи орун басары Илич Марсбек уулунун төрагалыгы алдында уюштурулду.
Кеңешмеге министрликтин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, ведомстволук мекемелердин жана тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты. Анда санариптик платформаларды өнүктүрүү, тармактык маалыматтарды натыйжалуу башкаруу жана айыл чарба тармагындагы маалыматтык системаларды интеграциялоо маселелери талкууланды.
Жыйындын жүрүшүндө «АгроСмарт» мамлекеттик мекемеси тарабынан «РАӨБ Паспорту» жана Idyikan санариптик платформалары тааныштырылды.
Катышуучуларга аталган системалардын мүмкүнчүлүктөрү, аларды ишке киргизүү жана өнүктүрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берилди.
Ошондой эле Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография мамлекеттик агенттигинин өкүлдөрү АИС «АГРОМАП» маалыматтык системасын сунуштап, анын талдоо жүргүзүү, мониторинг жүргүзүү жана башкаруучулук чечимдерди кабыл алууну колдоо мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүштү.
Кеңешмеде жер ресурстары жана жайыттар боюнча бирдиктүү санариптик системаны түзүү зарылдыгына өзгөчө көңүл бурулду. Илич Марсбек уулу жерлер, жайыт аянттары жана агрардык ресурстар тууралуу маалыматтарды бириктирүү тармактагы ачык-айкындуулукту камсыздоого, пландаштыруунун сапатын жогорулатууга жана мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун арттырууга өбөлгө түзөрүн белгиледи.
Жыйындын жыйынтыгында жооптуу түзүмдөргө санариптик системаларды мындан ары өнүктүрүү жана аларды мамлекеттик маалыматтык платформалар менен интеграциялоо боюнча деталдуу план иштеп чыгуу тапшырылды.
Министрлик агрардык тармакта заманбап санариптик чечимдерди киргизүү аркылуу мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу жана айыл чарбасынын туруктуу өнүгүшүн камсыздоо багытындагы иштерди улантарын билдирди.