www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев 12-июнда №417 токтомго кол койду.

Ага ылайык, өлкөдө автоунаалардын алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерин тонировкалоого уруксат алуу үчүн төлөнүүчү жыйымдын өлчөмү убактылуу төмөндөтүлдү.

Жеңилдетилген мөөнөт 2026-жылдын 15-июнунан 15-июлуна чейин, бир ай бою күчүндө болот.

Токтомго ылайык, бул аралыкта тонировкага уруксат берүүнүн баасы төмөнкүдөй белгиленди:
Кыргызстандын резиденти болгон жеке жактар үчүн – 35 миң сом;
Юридикалык жактар үчүн – 55 миң сом;
Резидент эмес жарандар (чет өлкөлүк жарандар) үчүн – 75 миң сом.

Белгиленген токтом 2026-жылдын 15-июнунан тартып күчүнө кирет.

Последние новости