www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдагы алгачкы кеңешмеси болуп өттү.
Жыйындын жүрүшүндө, Автоунаалардын алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерин караңгылатууга уруксат берүү үчүн төлөм киргизүүнү караган. Анда мыйзамга өзгөртүү киргизүү долбоору жактырылды. Салык өлчөмү жана төлөө тартиби мыйзам күчүнө киргенден кийин Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
Мындан тышкары, Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү COVID-19 дарылоо үчүн дары-дармек каражаттарынын жана медициналык буюмдардын тизмесин кайра экспорттоого убактылуу тыюу салуу жөнүндө чечимдин долбоорун жактырды. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, коронавирус инфекциясынын пандемиясы дүйнөнүн бардык өлкөлөрүндө узакка создугушуна байланыштуу, ошондой эле республиканын дары-дармектерге жана медициналык буюмдарга импорттук көз карандылыгын эске алуу менен, тыюу салуу мөөнөтүн дагы 6 айга узартуу маселеси каралган.
Булак: NazarNews.kg