www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ЖККУ аскерлери Казакстанга бийликти элден коргоо үчүн киргизилди. Бул тууралуу белгилүү журналист Кубан Мамбеталиев NazarNews маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.

«Эгерде Казакстанда чын эле 20 миң террорчу болсо, анда Токаев аларды коомчулукка ачык көрсөтүш керек. Кайсы уюмдун өкүлдөрү же кайсы өлкөнүн жараны экенин жарыялаш керек. Казакстандагы башаламандыкты уюштурганы үчүн эч бир уюм жоопкерчилик алган жок. Террористтер болсо кылгандарына жоопкерчилик алып, өздөрүн ачыкка чыгарат эле да.

Бирок Токаев сөз жүзүндө эле айтып, бийликти элден коргоо үчүн ЖККУ аскерлери Казакстанга киргизди. Бир четинен, өлкөдө террорист бар деп айтпаса анда ЖККУ аскерлери ал жакка барбайт болчу.

Жыйынтыктап келгенде, Токаевдин: «Казакстанда 20 миң террорчу бар», - деп айтканы акылга сыйбайт. Ал эч кандай факт жок эле айтып жатат.

Казакстандын эли бийликтин диктатурасынан тажап, митингге чыгууга аргасыз болду», - дейт Мамбеталиев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости