www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Адахан Мадумаровдун сындары, анын суракка чакырылышы да ашаа чапкандык», - деди бүгүн, 15-январда, NazarNews маалымат агенттигине Төлөгөн Келдибаев.

- Төлөгөн мырза, Адахан Мадумаровду суракка чакырышыптыр деп эле ызы чуу түшүп жатышат. Чек ара маселеси боюнча аны суракка чакырылганы туура элеби?

- Адахан Мадумаров Коопсуздук кеңешинин катчысы кызматын аткарып турган убакта Кыргыз Республикасынын колдонуудагы Коопсуздук кеңеши жөнүндөгү мыйзамдын талабына ылайык өз ишмердигин жүргүзгөн десем туура болот. Анткени Коопсуздук кеңеши Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун камсыз кылуу, бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүүнү жүзөгө ашыруучу, конституциялык кеңеш берүүчү орган.

Мындайча айтканда, Коопсуздук кеңеши, Кыргыз Республикасынын конституциялык түзүлүшүн, эгемендигин, көз карандысыздыгын жана аймактык бүтүндүгүн жана коркунучтарынан коргоого, анын узак мөөнөттүү келечекке туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылууга багытталган тышкы жана ички саясат маселелери боюнча чечимдерди иштеп чыгуучу мамлекеттик жогорку орган десек туура болот.

Өлкө коопсуздугуна коркунучтар келип чыкканда ыкчам реакция жасоонун комплекстүү чараларын көрүү коопсуздук кеңешинин негизги милдети. Ал эми А.Мадумаровдун суракка чакырылышы чек арадагы талашка чекит койо албайт.

- Дегеле анын суракка чакырылышы боюнча кандай ойдосуз?

А.Мадумаровдун суракка чакырылышы анын ишмердигине жана сын-пикирлерине карата болуп жатышы мүмкүн. А.Мадумаровдун айткан сыны дагы, анын суракка чакырылышы да аша чапкандык.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости