www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2020-жылдын 19-мартында Бишкек шаарынын мэри жана Бишкек ш.ИИББнын башкармалыгы катышкан рейд жүргүзгөн. Бул тууралуу Бишкек ш.ИИББгы боюнча милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Анда болжол менен саат 20:30 чамасында А.Токомбаев көчөсүндө автоунаанын үстүндө жатып алып баражаткан жарандардын өздүгү Бишкек ш.ИИББгы боюнча Милициянын кайгуул кызматы тарабынан 2001-жылы туулган Г.Н., 2001-жылы туулган Т.Н. экендиги аныкталып, Октябрь районунун ИИБне өткөрүлүп берилди.
Ал эми автоунаа айып токтотуучу короо жайга токтотулуп, 2001-жылы туулган И.Р. аттуу айдоочусуна Кыргыз Республикасынын Бузуулар кодексинин 124 жана 122-беренелеринин негизинде протоколдор түзүлдү.
Булак: NazarNews.kg