www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Аз убакыт Улукбек Марипов премьер-министр катары иштеп, бирок колунан эч нерсе келбесин көрсөтүп, ээрден ооп түшкөн. Өлкөнү кымбатчылыкка, кризиске кептөөгө салым кошкону ачык айтылып келди.
Аял жүздүү бул кадр отставкага кеткени аткаруу кызматында иш жандангансыды. Эсиңерден өчпөсө, Атамбаевдин арты менен жардамчылыктан министрге чейин көтөрүлсө, Жээнбеков «кол ийрисине тарткан» жердешчиликти уланткан.
Жаңы бийликке да Марипов келиндей жүгүнүп, жакшы эле жармашты, бирок тажрыйбасы жетишпегенинен тебилген эле. Тилекке каршы, ортого таасирдүү адамдарды салып атып, Сауд Аравияга элчилик кызматка дайындалды. Иштей албайт.
Колунан келгени саткынчылык экен, баарыбыз күбүбүз, мурдагы шефтеринин акыбалдарын сурап койгонго жарабады. Башкасына унчукпаса да, карьера жасатканы Алмазбек Атамбаевди колдоп, публика астында жылуу сөзүн айтса, адам катары бааланат эле. Адатынча эртең дагы көнгөн жоругун кайталап, Садыр Жапаровго далысын салып кетери айкын эмеспи.
Булак: Азия News гезити