www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
21-февралдан тартып Казакстандын аймагы аркылуу Кыргызстандан Орусияга жүргүнчү ташыган туруктуу темир жол каттамдары аткарыла баштайт. Бул тууралуу 16-февралда Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, мындай чечим Алматы шаарында өткөн Кыргызстан менен Казакстандын соода-экономикалык кызматташтыгы боюнча жумушчу топтун биринчи отурумунда кабыл алынды.
Аталган поезд каттамдарынын жүргүнчүлөрүнөн коронавирус жок экенин ырастаган акыркы 72 сааттын ичинде тапшырылган тесттин жыйынтыктары же "COVID-19суз саякаттайм" тиркемесине киргизилген эмделгендиги тууралуу сертификат талап кылынат.
Кыргызстан коронавирус пандемиясынан улам 2020-жылдын март айында өлкө ичиндеги жана эл аралык темир жол каттамдарын убактылуу токтоткон. 2020-жылдын аягында Кыргызстандын ичиндеги темир жол каттамдары кайрадан аткарыла баштаган.
Булак: NazarNews.kg