www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эми айымдар, чалмай жок, калганыңыздар чала берсеңиздер болот. Чогуу иштешкенген даярмын. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы кечээ, 16-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Алды балдарыңыздар менен иштеше баштадык, арты менин баламдай болгон кишилер экенсиздер. Ошондуктан парламент менен күндүр-түндүр иштешкенге даярмын. Мен 2010-жылдан бери телефон номеримди өзгөртө элекмин. WhatsApp мессенджеринен үн билдирүү жөнөтүп койсоңуздар багымдаттан кийин бир саат сиздер менен маектеше берем. Болбосо кечинде саат 11-12ден кийин байланышыңыздар. Эми айымдар, чалмай жок, калганыңыздар чала берсеңиздер болот. Чогуу иштешкенген даярмын", - деди Жапаров.

Ошондой эле депутаттарга тандалма мамиле жасабай турганын, алар менен 30 жылдан бери чогуу иштешип келе жатканын белгиледи.

Ал эми Жапаров 2022-жылга бекитилген консолидацияланган бюджеттин көлөмү 400 миллиард сом экенин эскертти. Эгер аны 365 күнгө бөлсө, күнүнө 1,1 миллиард, 10 саат иштесе саатына 110 миллион сомдон табышы керектигин айтып, ошондуктан кайсы бир себептер менен депутаттар чакырган убакта жүгүрүп келбей калса капа болбоого чакырды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости