www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Гондурастагы аялдардын абагында кеминде 41 туткун кылмыштуу топторунун ортосундагы кагылыштан каза тапты. Бул тууралуу Гондурастын прокуратурасы билдирди.
«Алдын ала 41 адам каза болгону белгилүү, бирок бул боюнча кененирээк маалымат окуя болгон жерде жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында алынат», — деп билдирди басма сөз кызматы.
Буга чейин жергиликтүү маалымат каражаттары аялдар түрмөсүндөгү Мара Салватруча жана Баррио 18 деп аталган кылмыштуу топторунун ортосундагы жаңжал тууралуу жазып чыгышкан. El Pais гезити бир топ экинчисин түрмөнүн имараттарынын бирине камап, өрттөп жибергенин жазган. Аялдардын көбү өрттөн каза болсо, дагы бир нечеси бычактан жана октон алган жаракаттарынан каза болушкан. Кеминде беш жабырлануучу ооруканага жаткырылды.
Гондурастын президенти Сиомара Кастронун айтымында, бул ачык эле укук коргоо органдарынын макулдугу менен болгонун билдирди. Кастро түшүндүрмө берүү үчүн коопсуздук министрин жана прокуратуранын текшерүү комиссиясынын башчысын да чакырганы белгилүү болду.
Булак: NazarNews.kg