www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чеченстандын президенти Рамзан Кадыровдун 20 жаштагы кызы Хутмат Кадырова республиканын медицинасына кошкон зор салымы үчүн жогорку орден менен сыйланды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн маалымат жана басма сөз министри Ахмед Дудаев өзүнүн телеграм-каналы аркылуу билдирди.
Дудаевдин айтымында, Хутмат Кадырова ана ишенип берилген кандай гана тармак болбосун эң жакшы натыйжа көрсөтөт.
"Ушундай жаш кезинде анын облус медицинасынын өнүгүшүнө кошкон салымы чоң. Себеби ал өз элинин жана өлкөсүнүн патриоту", - деп айтылат маалыматта.
Хутмат Кадырова 2023-жылы март айында Чеченстандын саламаттыкты сактоо тармагынын куратору болуп дайындалган. Ошондой эле ал республика башчысынын катчылыгынын жетекчисинин орун басары кызматын ээлейт.
Эске салсак, 2021-жылы октябрь айында Рамзан Кадыровдун 22 жаштагы улуу кызы Айшат Кадырова маданият министри болгон. Мындан сырткары 2023-жылдын февраль айында 26 жаштагы жээни Хамзат Кадыров аймактын мүлк жана жер мамилелери министри болуп дайындалган.
Булак: NazarNews.kg