www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бир нече күн мурда Беларусь биринчи жолу россиялык өзөктүк курал алгандыгын кабарлаган. Бул аракет үчүн Орусияны айыптаган Байден Путиндин өзөктүк куралды «колдонуу ниети реалдуу» болуп бараткандыгына чочулады.
Россиянын алгачкы өзөктүк куралын Белоруска жайгаштырганы туурасында Путиндин маалыматынан соң Байден «бул жоопкерчиликсиз кадам» деп билдирди.
Өткөн жумада өз жергесинде «россиялык өзөктүк курал жайгаштырылганын» билдирген беларус президенти Александр Лукашенко «бул бомбалар 1945-жылы АКШ Япониянын Хиросима жана Нагасаки шаарларына таштаган бомбалардан үч эсе кубаттуу» экендигин жарыялаган.
Россия Байдендин буга чейин коюп келген дооматтарын четке кагып, «АКШ ондогон жылдардан бери Европа мамлекеттерине өзөктүк курал жайгаштырып келгендиктерин» эстерине салган.
Орустардын өзөктүк куралды Беларуска жайгаштыруусуна АКШ жана алардын союздаштары дыкаттык менен көз салууда. «Украинадагы согушта өзөктүк курал колдонулуп кетпесин», - деп бир канча ирээт эскертүү жасаган Кытай да окуянын жүрүшүнө байкоо салып турат.
Булак: NazarNews.kg