www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Алгач Эдил Байсаловдун жыйынга келгенине сүйүндүм, бирок сиздин жообуңузду укканда шагым сынып калды", - деди депутат Эмил Жамгырчиев кечээ, 20-июнда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында министрлер кабинетинин башчысынын орун басары Байсаловго кайрылып. Буга чейин депутаттар аптекерша -Жылдыз Садырбаева, Айбек Маткеримов жана «мамочка-Гулкан» атка конгон сутенерша –депутат Гүлкан Молдобекова Саламаттыкты сактоо министрлигинде ажырым болушу мүмкүн экенин билдиришкен. "Балким кайсы бир топ Саламаттыкты сактоо министрлигинин ишмердүүлүгүнө каршы болуп жаткандыр. Балким, бул жерде эки башка команда бардыр", - деген Маткеримов.
Андан соң министрлер кабинетинин башчысынын орун басары Эдил Байсалов сөз сүйлөп, Саламаттыкты сактоо министрлигин коргоп, депутаттарды аткаруу бийлигинин өкүлдөрүнөн "экзамен" албоосун, жоопту жазуу жүзүндө алуу керектигин айткан. Эмил Жамгырчиев кесиптештерин коргоп, Эдил Байсаловго эскертүү жасады: "Биз дагы өкмөттө, аткаруу бийликте жетекчи болуп иштегенбиз. Ар бир кол астында иштеген кызматкер жетекчисине жараша кадам кылат. Анан сиздин "кагып-силкпе, жообун жазуу түрүндө берип кой" дегениңиз өтө туура эмес көрүнүш. Менин бул сөзүмө комментарий бербей эле коюуңуз. Эгерде кагаз жүзүндө жооп бере турган болсоңор анда эмнеге баарыбыз бул жерге чогулдук? Анда кагаз жүзүндө берип коюп, өзүңөр мыйзам кабыл ала бергиле. Эдил Жолдубаевич, мен сизге ини катары кайрылып жатам, угуп койсоңуз. Качан гана келбеңиз, туура эмес жагдайды түзүп кетесиз. Качан эле депутаттар силерге каршы чыкты эле? Канчалаган мыйзамдар кабыл алынып жатат", - деди депутат.
Сиз милдет кылып жатасыз, деди Байсалов депутатка. "Комментарийдин кереги жок, Эдил Жолдубаевич. Микрофонду өчүрүп коюңуз. Урмат-сыйды билиңиз. Унчукпай койсо келген сайын кагып-силкесиз. Этегиңизди жыйып, эл менен болуңуз!", - деди Жамгырчиев.
Тили буудай кууруп, «макалчы-жамакчыга» айланган Эдил Байсалов соңку убакта Европага байма-бай каттоочу болду. Ал оппозицияны катуу сындап, улуу –кичүү Жапаровдор үчүн күйүп, айыгышып калгандай. Бирок, «жарымы төгүн жарымы чын, жарандардын көөнү үчүн» дегендей, кеп кызыды. Ал оппозицияга аябай сындап, ачуу сөздөрүн аябаптыр. Биздин жеке булактар билдиргенине караганда, ай айланбай Эдил Байсалов «Манас» орденине көрсөтүлөрү тууралуу каңкууланды. Албетте, «уккан кулакта жазык жок» дейт. Бирок ошол нукта кетип жатат окшойт.
Эки жылдан бери Конституциялык реформага ылайык, президенттик башкаруу системасы иштеп жатат. Баарына президент жоопкер. Ошол эле кезде кыбыр эткен баардык маселе президенттин чечимине көз каранды. Президенттин макулдугусуз иш жүрбөйт. Мына ушул маселени Кабмин төрагасы Акылбек Жапаровдун орун басары Эдил Байсалов Жогорку Кеңештин депутаттарына көзгө сайып көрсөттү.
Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында Эдил Байсаловдун депутаттарга карата, "силер эч ким эмессиңер, эч нерсе чечпейсиңер, биздин ишке президент гана баасын берет, элдин атынан сүйлөбөй эле койгула, элдин атынан президент сүйлөйт" деген өңүттө ачуу сын айтып, акаарат келтирди.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун социалдык комитеттин жыйынында сүйлөгөн сөзү көз жаздымда калбайт. Мындай пикирин бүгүн, 21-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Нурланбек Шакиев билдирди. Анын айтымында, Байсалов тууралуу өкмөттүн төрагасы Акылбек Жапаров менен сүйлөшүп, катуу талаптарды коюп, эскертүүлөрдү берген.
"Эгерде дагы ушундай көрүнүш кайталана турган болсо, тагыраак айтканда, вице-премьер мыйзам чыгаруу бийлиги менен аткаруу бийлигинин ортосуна чоң жарака кетирип, ойлонулбаган, жоопкерчиликсиз сөздөрдү сүйлөсө сөзсүз тартип жоопкерчилигине тартылыш керек", - деди төрага.
Ошондой эле, ал бул маселе боюнча президент Садыр Жапаров менен да сүйлөшөөрүн белгилеп өттү: "Урматтуу депутаттар, эч качан министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары же болбосо кабминдин мүчөлөрү Жогорку Кеңештин дарегине, аброюна шек келтирүүгө укугу жок. Ага жол бербейбиз. Экинчиден, ар ким өз ишин татыктуу аткаруу керек. Жогорку Кеңеш өкмөткө талаптарды коюп, анын аткарылышын сураганга толук Конституциялык укугу бар жана анын негизинде иш алып барабыз. Бир вице-премьердин өйдө-ылдый, ойлонулбаган сөздөрү үчүн жалпы коомчулукта башкача түшүнүк болбошу керек", - деди Шакиев.
Ал бийлик бутактарынын ортосунда тирешүү же жарака жакшылыкка алып барбайт деп баса белгиледи. Андан сырткары Эдил Байсаловдун кызмат орду боюнча маселени караганга убакыт келгенин билдирди. Ырасында, президенттик башкаруу ушундай болот. Байсалов президент дайындаган Кабмин мүчөсү катары, бир гана президенттин алдында жоопкерчиликтүү. Жогорку Кеңеш буга таасир эте албайт. Алар болгону президенттин нотариалдык конторасынын гана милдетин аткарып калышканы качан? Ага миң жолу чычалашкан менен эч нерсе өзгөрбөйт. Депутаттар өздөрү ошондой башкаруу системасын колдогон. Эми түштөн кийин министрлер тоготпой жатышат дешип көз жаштарын көлдөтүп муңканышса да, ай талаада калган ач карышкырдай улушса да колдорунан эч нерсе келбейт.
Мына ушул ачуу чындыкты Эдил Байсалов ачык беттерине ташка тамга баскандай ачык айтты. Эми бүгүлүп, жүгүнүп кошомат кыла беришсин. Башка сөз болушу мүмкүн эмес. Эгер, ар-намыстан куржалак калган эмеспиз дешсе, эрктери жетсе, аткаруу бийлигине болгон нааразычылыктарын коркпой президент Садыр Жапаровго айтышсын. Ошондо адилеттик болот. Себеби, "өлкөдөгү жакшы-жаман баарына өзүм керт башым менен жооп берем" деген. Башкы мыйзам боюнча да ошондой.
Анан президентке өлкөдөгү кемчиликтерди ооз ачып айта алышпай эле, калп эле элге шоу көрсөтүп, упай алуу максатында "чабактарга" асылып, аңкылдай беришкенинен майнап чыкмак беле?..
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg