www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
УКМК аялдарды эттин баасын көтөрдү деп айыптаган имам Садыбакас Дооловдун үстүнөн жазылган арызды Башкы прокуратурага жөнөттү. Арыз ээлеринин бири бул тууралуу билдирүүнү бир күн мурун алган.
УКМКнын катында Башкы прокуратуранын бөлүм башчысы У.Т. Султановго жамааттык арыздын материалдары андан ары кароого өткөрүп берүү үчүн жөнөтүлүп жаткандыгы маалымдалды.
Активисттердин билдирүүсүндө айтылгандай, имам өзүнүн насаатында аялдарды малга салыштырган. «Аялдардын кийимин көзөмөлдөөгө чакырып, аялдарды басмырлап, укуктарын тебелеп жатат. Конституцияны айтпай эле коёюн, анын аракети Кылмыш-жаза кодексинин 189-беренесине туура келет”, - деп жазган Умай Арыкова.
Тең укуктуулукту бузуу боюнча 189-беренеде 50 миң сом айып салуу жана эки жылга чейин эркинен ажыратуу түрүндөгү жаза каралган.
Айта кетсек, Садыбакас Дооловдун аялдарды кемсинткен сөзү боюнча айрым дин өкүлдөрү комментарий берүүдөн баш тартышкан.
Эске салсак, имам өлкөдөгү аялдарды эттин баасынын кымбаттап жатканын айыптап, муну алардын туура эмес кийингени, кыска кийингени себеп деп эсептеп, эркектерди «ушул шермендечиликти токтотууга» чакырган.
Белгилей кетсек, Конституцияга ылайык, Кыргыз Республикасы эгемендүү, демократиялык, укуктук, светтик, унитардык, социалдык мамлекет.
Булак: NazarNews.kg