www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Экономика жана коммерция министрлиги "Оюн-зоок ишине лицензия берүү үчүн акы төлөөнү белгилөө жөнүндө" министрлер кабинетинин токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарат.
Токтом долбоорунун негиздемесине ылайык, оюн-зоок ишин жоопкерчилиги чектелген коом же жабык акционердик коом түрүндөгү юридикалык жактар гана жүргүзүүгө укуктуу.
Кыргызстандын мамлекеттик бюджетинин киреше бөлүгүн толтуруучу булактардын бири болорун эске алуу менен оюн-зоок ишинин түрлөрүнө төмөнкүдөй тарифтерди белгилөө сунушталат:
– республикалык маанидеги шаарларындагы казинолор, онлайн казинолор, электрондук (виртуалдык) казинолор үчүн сегиз жүз кырк миң эсептик көрсөткүчкө (84 млн сом) барабар, ошондой эле Ош, Чүй жана Жалал-Абад облустарындагы казинолор, онлайн казинолор, электрондук (виртуалдык) казинолор үчүн төрт жүз жыйырма миң эсептик көрсөткүчтүн (42 млн сом) өлчөмүндө, Баткен, Нарын, Ысык-Көл жана Талас облустарына эки жүз элүү эки миң эсептик көрсөткүчтүн (25 млн сом) өлчөмүндө;
– оюн-зоок автоматтар залдары үчүн төрт жүз жыйырма миң эсептик көрсөткүчкө (42 млн сом) барабар;
– букмекердик конторалар жана лотереялар үчүн жүз беш миң эсептик көрсөткүчкө (10,5 млн сом) барабар.
Булак: NazarNews.kg