www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Азыр бийликтеги экономиканы түшүнгөн билимдүү делген көзгө басар кадр Акылбек Жапаров экени талашсыз чындык. Арийне, өндүрүштү өркүндөтө албаган менен элге салык салып жек көрүндү болуп, каргыш угуп жатса дагы экономиканы өлтүрбөй сактоонун айла-амалын мыкты жүргүзүп жатат. Аялдардын амалы кырк эшекке жүк болсо, Акылбектин амалы бүтүндөй өлкөгө, элге жүк болууда.
Беш президенттин доорунан кылы кыйшайбастан суудан кургак чыккан Жапаров, алдыраарда-жаздыраар болуп кокусунан эле жаза тайып, "сагызган сактыгынан эмес, суктугунан өлөт" дегендей кылтакка илинбесе, бул бийликти дагы "жаназасын" окугандардын сап башында боло тургандай.
Себеп дегенде, президент Садыр Жапаров: "Акылбек Жапаровдун деле коррупциялык иштерин билем" деп айтып туруп, экинин бири кылып өлкөнү башкартып койду. Коррупционер болсо эмнеге өлкөнү башкартып жатат - такыр логикага сыйбайт.
Бүгүнкү күндө Акылбек Жапаров "Конституция боюнча өлкөдөгү жакшы-жаман баарына өзүм керт башым менен жооп берем" деген президент Садыр Жапаровдун жоопкерчилигин мойнуна алып, калкан болуп, сынды, каргышты, жемени өзүнө алууда. Оомат оогондо кантет - билбейбиз.
Учурда Акылбек Жапаров өзүнө тиешелүү болгон Кыргызстандагы бар болгон баардык мүлктөрүн, капиталын сыртка чыгарып, башкаларга каттатып койгону айтылып келет.
Мына, борбордун чок ортосунда жайгашкан "Дамас" мейманканасын дагы сатты кылып, кутулду дешет. Ал жерде бүгүнкү күндө айыл банктын VIP борбору ачылып, мамлекеттин канча деген акчасы ижара акысына кетип жатат?.. Мамлекеттин акча булагын мыйзамдуу жол менен өз чөнтөгүнө буруунун амалы канчалык жөнөкөй...
Булак: NazarNews.kg