www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россия Федерациясынын президенти, жогорку колбашчы Владимир Путин Аскер-деңиз флотунун күнүндө Санкт-Петербургда жана Кронштадтта болуп өткөн Башкы деңиз парадына катышты.

Маалым болгондой, салтанатка экинчи Россия-Африка саммитине катышкан Африка өлкөлөрүнүн лидерлери жана делегация башчылары да катышты. Россиянын президенти чет элдик конокторду тосуп алып, параддан кийин Конго Республикасынын президенти Дени Сассу-Нгессо жана Буркина-Фасо Республикасынын өткөөл мезгилдеги президенти Ибрагим Траоре менен кыскача сүйлөштү.

Ошондой эле, Владимир Путин "Родительская слава" ордени менен сыйланган Магадандык Гореловдордун чоң үй-бүлөсү менен баарлашты. Бир күн мурун мамлекет башчысы Кремлге чогулган көп балалуу үй-бүлөлөр менен сүйлөшүү учурунда Гореловдорго Санкт-Петербургдагы Башкы деңиз парадына катышууга жардам берүүнү убада кылган.

"Жолдоштор, моряктар, мичмандар (аскердик чин) жана офицерлер, генерал жана адмиралдар! Урматтуу ардагерлер! Урматтуу Россиянын жарандары!

Биздин флот кылымдар бою Ата Мекендин чек арасынын жеңилбес сакчысы болуп келет. Ошондуктан бүткүл Россия, бүткүл биздин элибиз анын урматына майрамдарды белгилешет.

Бүгүн биз кемелердин жана суу астында жүрүүчү кайыктардын эр жүрөк экипаждарын, деңиз авиациясынын тайманбас учкучтарын, кургакта иштеген кызматкерлерди, жээктеги аскерлердин жоокерлерин жана биздин эр жүрөк деңиз аскерлерин куттуктайбыз. Биз орустун кеме куруучуларынын, флоттун командирлеринин жана моряктарынын бардык муундарына ыраазы болуу менен таазим кылабыз.

Алардын мыкты даярдыгы, өз милдетине жана Мекенине берилгендиги, кесипкөйлүгү жана таланты Россиянын улуу тагдырын аныктаган.

Улуу Пётрдун доорунан бери биздин флотубуз өз өлкөсүнө берилгендик менен, жан аябастан кызмат кылды. Анын хроникасы деңиз салгылашууларындагы жеңиштерди, дүйнө жүзү боюнча саякаттарды жана улуу географиялык ачылыштарды, илим менен техниканын көрүнүктүү жетишкендиктерин камтыйт.

Россиянын флоту урабас чеп сыяктуу бир нече жолу душман жолун тоскон", - дейт Путин. 

Белгилей кетсек, быйыл Башкы деңиз парадына 45 кеме, катер жана суу астындагы кайыктар, ошондой эле 3000ге жакын аскер кызматкерлери катышты.

Булак: NazarNews.kg 

 

 

 

 

Последние новости