www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жал кичи районундагы «Шашлычная» кафесинин жер тилкесин пайдалануу укугу токтотулду. Бул тууралуу Бишкек шаарынын вице-мэри Нурдан Орунтаев бүгүн, 31-июлда кафени демонтаждоо иштеринин алкагында билдирди.
Анын айтымында, буга чейин кафенин аймагында жайгашкан объектилерди демонтаждоо боюнча тиешелүү билдирүүлөр берилген.
«Муниципалдык кызматтар келген учурда кафеде демонтаждоо иштери башталганы аныкталган. Тактап айтканда, бардык эмеректер жыйналган. Кафе 15-августка чейин өз ыктыяры менен объектти демонтаждайт», - деп түшүндүрдү вице-мэр.
«Жерди пайдалануунун бардык мөөнөтү өткөн жылы аяктап, соттун чечими менен жерди колдонуу мөөнөтү узартылган. Бирок мэрия тарабынан жердин ээси менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, кийинчерээк ал жерди муниципалитеттин карамагына кайтарып берүү чечими кабыл алынган», - деди Орунтаев.
Жал кичи районундагы «Батуми» жана «Шашлычная» кафелеринин ордунда сквер курулаары пландалып жатканын вице-мэр кошумчалады.
Булак: NazarNews.kg