www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чоң Чүй каналынан (БЧК) сөөгү табылган аялдын өлүмүнүн бети ачылды. Шектүү Орусиянын Ханты-Мансийск шаарында кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Буга чейин, 14-октябрда Сокулук районундагы БЧКдан зомбулуктан каза болгон аялдын дене бөлүктөрү табылган. Ал эми калган бөлүктөрү Бишкектин аймагындагы БЧКдан табылган.

15-октябрда адам өлтүрүү фактысы боюнча кылмыш иши козголгон.

Өлтүрүлгөн аялдын өздүгү дароо аныкталган эмес. Кийинчерээк ал Аламүдүн районунун Пригородное айылында жашаган 1974-жылы туулган Х.М. экени аныкталган.

Милиция кызматкерлери Х.М.ны өлтүрүүгө анын күйөөсү 1968-жылы туулган А.И.нин катыштыгы бар экендигин билдиришкен. Кылмыштан кийин ал Орусияга качып кетип, издөөгө алынган.

25-ноябрь күнү издөөдө жүргөн жаран Ханты-Мансийск шаарынан кармалган. Ал Россиянын Ички иштер министрлигинин “Ханты-Мансийск” убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда аны Кыргызстанга экстрадициялоо маселеси каралууда.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости