www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Белгилүү тележурналист Стал Абдыраев Кыргызстандагы биринчи Элдик курултайды жогорку деңгээлде уюштургандыгы үчүн мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетовго ыраазычылык билдирди.

«Ошентип көптөн бери талашып- тартышып, ар кайсы божомолду айтып, мокочо кылып жаткан Курултай да өттү. Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов башында турган уюштуруучулардын мээнети кайтты.

Атанын уулу Сүйүнбек байкеге ыраазычылык! Курултайды ачып, баарын өз орду менен кыт куйгандай кынаптап, делегаттардын колдоосуна ээ болду. Кыргызстандын туш тарабынан келген эл ишенгендер өз ойлорун ачык, так кандай айтам десе ошондой айтышты. Мындан артык дагы эмне кылышмак эле.

Жулунуп- жулкунушту, аша чапкандарды көпчүлүк өзү эле тарбиялап жатышты. Президент Садыр Жапаров баарын сабырдуулук менен угуп, негиздүү делген суроолорго ачык- айкын жооп берди, эл аны кабыл алды. Аттарын атагым келбейт, жеке таарынычын ушул жерден да пайдалана калып, өч алам дегендерди элибиз дагы бир жолу таанып- билип, шамал каяктан согуп атканын баамдашты.

Кагылайын кыргызым эмнеси болсо да ойлорун ортого төгүп, башкы максаттары өз өлкөбүздү канткенде алдыга жылдырабыз деген тилектери менен ойлорун жалпылашты! Бар болгула жакшылар! Президентке күч- кубат, баары өз жолу менен баратканына эл ынанды! Ырыс алды ынтымак, биригүүгө дагы бир ишенимдүү кадам ташталды! Кудай колдосун! Бир болуп, бар бололу Айкөлдүн тукумдары!», - деди Абдыраев.

Эске салсак, Бишкекте 25-26-ноябр күндөрү Биринчи Элдик курултай болуп өттү.

Эртең менен саат 10:00дө башталган жыйын 18:10го чейин созулду. Алгач курултайдын төрагасы болуп Кадыр Кошалиев шайланды. Ал эми жетекчилик курамына 20 адамдан турган Аксакалдар кеңеши бекитилди.

Жалпысынан 1072 делегат катышты. Аларга президент Садыр Жапаров өлкөдө жасалып жаткан иштер тууралуу айтып берди. Анын артынан Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев, өкмөт башчы Акылбек Жапаров баяндама жасады.

Андан соң делегаттарга сөз берилип, кечке чейин 63 адам сүйлөдү.

Купултайдын аягында Садыр Жапаров Элдик курултай эч качан парламенттин укуктарын тартып албаарын, ушинтип эле көйгөйлөрүн айтып кетишерин, депутаттарга курултай мыйзамын кабыл алуу зарылчылыгын белгиледи.

Ал эми делегаттар резолюция кабыл алып, бийлик органдарына сунуштама беришти. Анда Кыргызстандын элинин биримдигин бекемдөөгө, билим берүү жана маданиятты өнүктүрүүгө, мамлекеттик түзүлүш системасын жакшыртууга, адам укугуна артыкчылык берүүгө багытталган жоболор бөлүгүн бышыктоого көңүл буруу жазылган.

Мамлекет башчы эки күн бою көтөрүлгөн маселелердин баары кийинки курултайга чейин чечиле турганын убадалады.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости