www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Адам болуп, Адамча жаша. Курсактын кулу, кекиртектин малайы болбо. Таман акы, маңдай териң менен жаша. Мындай пикирин коомдук ишмер Дастан Сарыгулов билдирди.

--Үч миллиард доллар каражат менен 15 жыл тынбай изилдеп адамдын ДНКсынын толук түзүлүшүн аныктаган илим тарбия жөнүндө эмне дейт?

--"Илим минтет. Марков А. Эволюция человека. Обезьяны, нейроны и душа. Том II . Москва, Астрель. CORPUS, 2012 г. 512 стр.

«В 2000 году Эрик Туркхеймер сформировал три закона генетики поведения: Закон первый. Все поведенческие признаки людей – наследственные, то-есть в какой-то мере зависят от генов. Закон второй. Эффект генов сильнее, чем эффект воспитания в одной семье. Закон третий. Значительная часть вариабельности людей по сложным поведенческим признакам не объясняется ни генами, ни влиянием семьи.” – стр. 228.

Бул үч мыйзам илимдин бүгүн эң маанилүү ийгиликтери болуп эсептелет. Кыргыз муну илгери эле жакшы билген. “Атасы жаман оңолот, энеси жаман оңолбойт” – деген макалды генетика илими бүгүн ырастап олтурат. Кыргыз “атасын тартыптыр, чоң атасын тартыптыр” дегени кандын таасирин таамай билгенин көрсөтөт. Үй-бүлөдөгү тарбиянын маанисин да кыргыз жакшы билген. “Тарбия көрбөгөн бала турбайбы” – деген сөз муну тастыктап турат.

Кыргыз тарбиясынын сыры, негизинен, жаратылыштын, демек, Жараткандын таасиринде. Көп кырсыктуу, өтө оор, бийик тоолордун шартында жан сактап, тукум улап, аман калуу адам болуп, адамча жашоого түздөн-түз байланыштуу болгон соң, бабаларыбыз 100 миң жыл убакытта азапка кайнап, тозокко тоңуп, жетимдердин көз жашы, жесирлердин кайгы-муңу аркылуу тамчыдан чогултуп олтуруп тарбия билимин жаратып, урпактарына мурастап калтырган.

Бул билимдин түпкү мазмуну: табиятты ыйык тут, ага залакаңды тийгизбе, булгаба, зыян келтирбе, жамандык кылба, аны менен сен ажыратылгыс бир бүтүндүксүң, сен тирүү болсоң, ал дагы тирүү, сенин жаның бөлөк жандуулардын жаны менен бирдей, алардан өйдө эмес, адал жаша, эмгек менен тапканың гана өзүңө буйруйт, улууларды урматта, адилет, калыс, акыйкат бол, бой көтөрбө, кесирленбе, менменсиңбе, калп айтпа, ууру кылба, кошоматчы болбо, жүз досуңан бир душманың көптүк кылат, акыл – дос, ачуу – душман, ж.б.

Бир сөз менен жыйынтыктаганда: Адам болуп, Адамча жаша. Курсактын кулу, кекиртектин малайы болбо. Артыңдан жаман сөз ээрчибесин. Үйүңө каргыш, наалат алып келбе. Таман акы, маңдай териң менен жаша. Сыпайыкерчликтин түбү көр болот.

Бул билим кыргызды атамзамандан бери сактап келди. Кыргыз тоодон канча алыстаса, бул билимди ошончо жоготуп келатат". - деп билдирди Сарыгулов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости