www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Анкара менен Дамасктын мамилесинде жаңы доордун башталышы өтө ыктымал, бирок ар тараптуу кызматташуу тууралуу айтууга али эрте, деп билдирди РИА Новостиге Түркиянын башкаруучу Адилеттик жана өнүгүү партиясынын депутаты Орхан Мириоглу.

Түркиянын президенти Тайип Эрдоган Сирия менен жакынкы аралыкта мамилени жөнгө салууну жокко чыгарбай турганын буга чейин билдирген.

«Сирия менен «Кантип?», «Качан?», «Ким менен?» жана «Эмне үчүн?» деген суроолорго так жооп катары карала турган процесс башталды деп айтуу абдан кыйын. Сирия сүйлөшүүлөр үчүнчү өлкөдө болушун каалайт. Ал өлкө Орусия болушу мүмкүн. Ошондуктан ар тараптуу кызматташуу жөнүндө айтууга али эрте. Шайлоого чейин Дамаск менен Анкаранын мамилесинде жаңы доордун башталышы да мүмкүн, жана бул өтө чоң ыктымалдуулук, бирок биз «иш аракеттеги өнөктөштүк» деген идеядан дагы эле алыс экенибиз айдан ачык», - деди депутат.

Түркия президентинин басма сөз катчысы Ибрагим Калын октябрь айында Орусия Эрдоган менен Сириянын президенти Башар Асаддын жолугушуусуна ортомчулук кылууну сунуштап жатканын билдирген. Эрдоган ноябрдын ортосунда Анкара сунушка учуру келгенде баа бере аларын айткан. Кийинчерээк Түркиянын Hurriyet гезитинин баяндамачысы, өкмөттүк чөйрөлөргө жакын Абдулкадир Селви Эрдоган менен Асаддын жолугушуусу Орусияда Владимир Путиндин ортомчулугу менен өтүшү мүмкүн экенин билдирген.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости