www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош облусун Өзгөн районунда айылдашын электр мамысына байлап, бычак менен жараат келтирген жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 14-ноябрга караган түнү саат 00:30 чамасында милицияга 44 жаштагы жаран денесинен жараат алып аймактык ооруканага кайрылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу

Белгилүү болгондой, 13-ноябрда саат 22:00 чамасында Куршаб айылынын 44 жаштагы К.Ш. аттуу тургуну үйүнө 44 жаштагы айылдашы Э.Т.ны чакырган. Ал келгенден кийин үйүнүн короосунда өз ара пикир келишпестиктен уруша кетишип, натыйжада К.Ш. айылдашына бычак менен денесине жараат келтирип, электр мамыга  жип менен байлап койгон.

Окуя болгон жерге милициянын кызматкерлери барып, жабырлануучуга тез жардам кызматын чакырып, биринчи медициналык тез жардам көрсөтүшкөн.

Аталган фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин 2-бөлүгү  (Ден-соолукка оор залал келтирүү) боюнча кылмыш иши козголуп, тийиштүү экспертизалар дайындалган.

Шектүү катары Өзгөн районунун 44 жаштагы К.Ш. аттуу тургуну кармалып, камакка алынган.

Жергиликтүү ММКлар жазгандай, шектүү катары кармалган К.Ш. айылдашын аялы менен ойноштук кылган деп жыныстык мүчөсүн кесип сала жаздаган.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости