www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Япония: Кечээ, бүгүн жана эртең

Япониянын императору Нарухито, премьер министри Фумио Кисида. «Назарньюс» маалыматтык  порталынын билдиргенине караганда Япония бийлигинин Кыргызстанга жасаган расмий сапарынын алкагында эки өлкө ортосунда 120 миллион долларлык келишимдерге кол коюлган.

Жапон өкмөтү эми келишимдердин негизинде алдыдагы жылдарда "Манас" аба майданынын жабдууларын жаңыртып, автожолдорду оңдоого 107 млн. доллар насыя бермей болгон. Саясат талдоочулардын пикиринде, кыргыз бийлигинин Япония менен мындан дагы олуттуу долбоорлорду ишке ашырууга мүмкүнчүлүгү бар болчу.

Япония 120 миллион доллардан ашык каражаттын 107 миллион долларын Ош-Баткен-Исфана автожолун реаблитациялоого 0,1 пайыз шарты менен 40 жылга насыя катары берген. Ал эми калган 14 миллион доллар "Манас" аба майданындагы жабдууларды жаңыртууга чукул грант түрүндө берилген.

 Жапония келечекте "Борбор Азия+Япония" диалогунун алкагында Борбор Азиядагы аймактагы көйгөйлөрдү чечүүдө тилектештикти бекемдөөгө кызыкдар экенин да белгилеген. Бүгүнкү күндө кыргыз-жапон кызматташуусунун алкагында алгачкы жыйынтыктар бар. Бирок биз сапардын жыйынтыгы боюнча конкреттүү долбоорлор пайда болуп, Кыргызстан менен Жапониянын ортосундагы кызматташуу мындан дагы жогорку деңгээлге көтөрүлөт деп болжолдоп жатабыз.

Технология, тоо-кен жаатында жакшылап иштешсек көп инвестиция алмакпыз. Бизде Менделеевдин таблицасында кайсы кен болсо, бардыгы бар. Ушул жакта эмнеге инвестиция тарта албайбыз? Жапониянын JICA уюму көптөгөн долбоорлорду сунуштап жатат, биз болсо грант эле издеп жүрөбүз. Алысты көрө албай жатпайбызбы.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости