www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кара-Суу районунда жарандык никедеги аялынын өлүмүнө шектелген жаран 14 жылга эркинен ажыратылды. Мындай чечимди аталган райондук соту чыгарды.

Эскерте кетсек, 2022-жылдын 14-декабрь күнү милиция кызматкерлери тарабынан 49 жаштагы Өзгөн районунун тургуну адам өлтүрүү фактысына шектелип кармалган.

Маалыматка ылайык, 1-декабрь күнү милицияга Кара-Суу районунун тургунунун жансыз денеси өзү жашап жаткан үйүнөн табылгандыгы тууралуу кабар түшкөн. Алгачкы тергөөнүн жүрүшүндө Кызыл-Шарк айылынын тургуну 36 жаштагы келиндин жансыз денеси үйүнүн ички бөлмөсүндө турган сандыктан табылган.

Маркумдун жансыз денесине кароо жүргүзгөн учурда, анын жаракаттары бар экендиги байкалган. Соттук-медициналык экспертиза дайындалып, кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталган.

Алдын ала маалымат боюнча кармалган жаран мурда Казакстанда соттолгон, маркум жубайы экөө сегиз айдан бери жарандык никеде жашап келишкен.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости