www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Боомдо бүгүн кайрадан өрт чыкты

Боом капчыгайындагы Көк-Мойнок-2 айылында бүгүн кайрадан өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, болжол менен саат 11:20да ачык аянттагы 5 сотых жер күйүп баштаган.

Жерине өрттү өчүрүүгө төрт күжүрмөн эсеп тартылган. Андан сырткары, Токой чарбасынан 10, Тоң райондук милициядан 12 кызматкер жана 15 жергиликтүү тургун көмөк көрсөтүүдө.

Белгилей кетсек, кечээ, 24-мартта, Көк-Мойнок-2 айылында саат 12:34 чамасында ар кайсы тилкеден өрт чыккан. Тилсиз жоо Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун жана Бишкек — Балыкчы темир жолунун айланасында катталган. Кырсыктан эки сарай жана бир үйдүн дубалы, 50 гектар аянттагы куураган чөп, бадалдар, бак-дарактар күйгөн. Өрт кечки саат 21:34тө толугу менен өчүрүлгөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости