www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Текебаев «мен текемин» деп текеберленип, «атыңды өзгөрт», «эр болсоң куруңа асынып ал», - деп төш каккылап, публикага ойногону бүгүн көрүнбөйт да, угулбайт. Асия Сасыкбаева камалып калаарын туюп турса дагы, өзүнүн эркиндигин, жашын тобокелге салып, Өмүрбек Текебаев камакта жатканда анын боштондугун талап кылып митингдерди уюштуруп, буту жерге тийбей чырылдап жүрдү эле. Өмүрбек Текебаев төрдө, ал эми Асия Сасыкбаева түрмөдө. Ушул айды эсепке алганда «Ата-Мекен» партиясынын түптөөчүлөрүнүн бири, ардагер мүчөсү көптөн бери аял башы менен камакта жатат. «Өткөндү эстебей, эртеңди эңсебе» деген кыргызда накыл кеп бар. Башыңа мүшкүл иш түшкөндө кимдин ким экенин билесиң, же досум көп деп мактанба, тас экениңди акыр бир күн сезесиң деп бекеринен айтылбаса керек. 

Текебаев Ата-Мекенчилерди, алардын апасындай болгон Асия Айтбаевнаны таштап Германияга карай баса берди. Бул көрүнүшкө ата мекенчилер, анын тарапташтары да нааразы экени айтылууда. Германиядагы элчи Өмүрбек Текебаев Гамбург шаарынын  Соода өнөр-жай палатасынына барып Президенти Норберт Ауст менен жолугушту. Жолугушууда элчи Текебаев тарабынан энергетика, туризм, өнөр-жай жааттарында Кыргызстандын инвестициялык долбоорлору сунушталды. 2023-жылдын апрель айында Кыргыз Республикасынын Соода өнөр-жай палатасынын Президенти Темир Сариевдин Гамбург шаарына иш сапарын уюштуруу макулдашылды. Андан тышкары 2023-жылдын күз айларында Кыргызстан менен Гамбург шаарынын ишкерлери ортосунда бизнес форум өткөрүү маселеси сүйлөшүлдү.

Андан тышкары Кыргызстандын Гамбург шаарындагы Ардактуу консулу Карл Элерлинг жана Шлезвиг-Хольштайн федералдык жериндеги Ардактуу консул Кристоф Крошке менен Текебаевдин жолугушуусу болду жана 2023-жылы кыргыз-керман Ишкердин кеңештин жыйынын өткөрүү маселелери талкууланды. Карл Элерлинг Кыргыз-герман ишкердик кеңештин тең-төрагасы катары 2023-жылдын апрель айында бир катар герман ишкерлеринин конкреттүү инвестициялык долбоорлору менен Кыргызстанга барарын маалымдады.

Соолуктап ыйлап 877,12 кв.км жер сыртка кеткен. Сарпашев, Жапаров сыяктуулар 1934 төн ашуун Ватикан сыяктуу мамлекеттер бата турган Үзөңгү-Куушта 87 миң 712 гектар жерди берип жиберишкен. Дүйнөдө б5 мамлекеттин ичинде бул жерлер 15 орунду ээлеп, биздин башка мамлекетке кеткен аянттарыбыз 50 мамлекеттин аянтынан чоң экен. Бул жерге 1934төн ашуун Ватикан мамлекети, 438 тен ашуун Монако мамлекети, 125тен көп Гибралтар мамлекети, 87ден ашуун Токелау мамлекети батып кетмек. Дүйнөдө 50 мамлекеттен жогору эсептелген Доминика менен Кирибати бул аянтка ойноп сыймак. Акчанын кудайы эсептелген 5 Лихтейнштейн батат эле, чындыгы Люксембург биз берген аянттан чоңдук кылат экен, анын аянты 2598 кв.км биз берген жер 877. 12 кв. км болсо калганын эл эсептеп алар.

Аскар Акаев бийлик жүргүзүп жатканда 1996-жылы 4-июлунда Кытай-Кыргыз келишиминин негизинде Жаңы-Жер, Боз-Айгыр-Кожент, Хан-Теңир мөңгүсүнөн, Эңилчектен 35 миң 87 гектар, ага кошумча 1999-жылдын 26-августунда Үзөңгү-Кууштан бардыгы 87 миң 200 гектар жер кеткен.
2002-жылдын 17-мартында Аскар Акаевдин бийлиги Үзөңгү-Кууштун Кытайга кетишине каршы чыккан элге ок чыгарган кайгылуу күндү ким билбесин. Ырас, чырактай болгон алты баланын өлүмүнө алып келген бул окуя кыргыз элинин акыйкаттыктан тайбастыгын, үй-бүлөлүк башкарууга таптакыр көнбөй тургандыгын ырастаган күн болгон. Бирок, жең ичинен алчусун алып койгон ошол учурдагы кыргыз бийлиги Үзөңгү-Куушту баары бир Кытайга өткөрүп берген.

Эми ушул Кыргызстанга, кыргыз элине карата жасалган чыккынчылыкка кимдер кол кабыш кылганын жакшы билебиз. Себеби, ал кыргыздын жерин Кытайга берүүгө «макул» деген добушун бергендердин тизмеси бар. Бирок, кыргыз элине чыккынчылык кылгандар көрсө булар эле эмес экен. «Каршы» деген добушун берип туруп, өздөрүнүн жеке материалдык кызыкчылыгы үчүн Үзөңгү-Кууштун Кытайга кетишине кол кабыш кылгандардын жүзү эми ачылат окшойт. Болгондо да ар дайым акыйкаттык үчүн күйүп-жанып аткандай түр көрсөткөн Өмүрбек Текебаевдин бул жердин Кытайга кетишине салымы бар экендигин ушул күнгө чейин карапайым элибиз билбей келген тура.

Окуя мындай болгон. Үзөңгү-Куушту Кытайга берүү маселеси парламентте каралып атканда эртең эл алдында жүзүм жарык болсун дегендер таптакыр добуш берүүдөн баш тартышкан. Албетте, Акаевдин бийлигине кошоматтангандар «макул» деген добушун беришкен. Бирок, мындай добушту бергендер менен эле маселени чечип салууга кворум болбой калган. Ошондо Акаев жана анын айлана-тегерегиндегилер Текебаевди өзүнө чакырып: «Сиз «каршы» деген эле добушуңузду берип коюңуз, кворум болушу үчүн, колуңузду куру койбойбуз» дешет. Натыйжада Текебаев Үзөңгү-Кууштун Кытайга кетишине каршы чыккандардын добушун топтоп маселени чечүү үчүн кворум түзүп берет. Бул «эмгеги» үчүн Текебаевге азыркы тапта борбор калаабыздагы Фрунзе-Исанов көчөлөрүнүн кесилишиндеги «Супер инфо» гезитинин редакциясы жайгашкан төрт кабаттуу имарат 15 соток жер тилкеси менен кошо белекке берилет. Андан сырткары ири суммада акчалай да «сыйлык» ыйгарылат. Азыркы тапта бул имараттын базар баасы 100 млн сом турат.

Ошондо урматтуу Өмүрбек Чиркешович, кыргыз жеринин бөлөк мамлекетке өтүп кетишине жеке материалдык кызыкчылыгы үчүн «кызмат өтөп» берген

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg     

Последние новости