www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек мэриясы калааны жаңыча башкаруу реформасын киргизгени жатат. Мэрия башкаруунун жаңы үлгүсү Бишкек шаарынын жашоочуларына муниципалдык, социалдык жана тейлөө кызматтарын жеткиликтүү көрсөтүүгө өбөлгө болот деп эсептейт.

Мекемеден маалымдалгандай, эми борбор шаарда акимиаттар менен Муниципалдык аймактык башкармалыктардын ордуна шаар башкармалыктары түзүлөт. Реформа учурда даярдалып жатат. Бирок Бишкектин райондорго бөлүнүшү ушул боюнча калат.
Жаңы башкаруу үлгүсү пилоттук режимде биринчи Свердлов районунда ишке ашат. Анда шаардык үч мекеме түзүлөт.
Билдирмеге караганда, ар бир башкармалыкка 90-100 миңден калк туура келет. Бул жагдай көйгөйлөрдү эффективдүү чечүү үчүн ыңгайлуу жана аларга ыйгарым укуктар берилип, каржыланары айтылууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости