www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чүй ОИИББнын маалыматына ылайык, Токмок шаарында жарандык никедеги жубайына жана эки жашы жете элек балага карата үй-бүлөлүк зомбулук көрсөтүүгө шектелген жаран эки айга камакка алынды.
Милициянын маалыматына ылайык, 3-августта шаар тургуну акыркы үч жыл ичинде жарандык күйөөсү өзүнө жана балдарына карата зомбулук көрсөтүп келгенин билдирип арыз менен кайрылган.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренесинин 3-бөлүгү менен кылмыш иши козголгон. 1988-жылы туулган шектүү кармалып, Токмок ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Сот анын бөгөт коюу чарасын карап, эки айга камакка алуу чечимин чыгарды. Тергөө иштери уланууда.