www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Украина тарап Орусиянын армиясынын курамында согушуп жүргөн 51 өлкөнүн жараны туткунга алынганын билдирди.
Украинанын Жогорку Радасынын адам укуктары боюнча өкүлү Дмитрий Лубинец бул маалыматты өлкөнүн чет мамлекеттердеги дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жетекчилери менен болгон жыйында айткан.
Анын айтымында, бул факт Орусия тарапта согушка катышуунун эл аралык жана укуктук кесепеттери бар экенин көрсөтөт. Ошондой эле бул тууралуу дүйнөлүк коомчулукка ачык маалымат берүү маанилүү экенин белгиледи.
Украина тараптын маалыматына ылайык, туткундардын арасында Непал, Сомали, Йемен, Шри-Ланка жана башка өлкөлөрдүн жарандары бар.