www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстандын Самарканд облусундагы Тайлак районунун тургуну өзүнүн жашы жете элек эки баласын өлтүрдү. Кылмышка шектүү бир күн мурун Орусияда иштеп жүргөн жубайы башка эркек менен сүйүү мамилесинде болуп жүргөнүн видеодон көргөн. Бул тууралуу UzNews.uz жазды.

17-майда саат 03:00дө Тайлак районунун 39 жаштагы тургуну Орусияга иштегени кеткен жубайынын катышуусунда видеотасманы көрүп, андан соң аялына телефон чалып, ортодо чыр чыккан. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Аялынан өч алуу үчүн адам уктап жаткан жашы жете элек эки уулун (2015 жана 2017-жылы туулган) өлтүрүп, андан соң райондук ички иштер бөлүмүнө өзү кабарлаган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесинин 2-бөлүгүнүн «а» пункту (Атайылап киши өлтүрүү) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости