www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Финляндиянын НАТОго кириши жана жакында Швециянын да кириши дүйнөнү глобалдык жаңжалдын босогосуна койду. Бул тууралуу Беларусь президенти Александр Лукашенко Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Парламенттик ассамблеясынын (ЖККУ) Кеңешинин жыйынында билдирди.

“Мындай иш-аракеттер дүйнөнү глобалдык чыр-чатактын өтө кооптуу чегине салат. Европа өлкөлөрүндө жашоо деңгээли тез төмөндөп, экономикалык келечектин начарлашына карабастан, Батыш эл аралык чыңалууну күчөтүп, согушка даярданып жатканын саясатчылардын үнү менен ачык моюнга алууда”, - деди Лукашенко.

Буга чейин Беларустун Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) басма сөз катчысы Анатолий Глаз республика Европа Кеңешине мүчөлүк арызын кайтарып алышы мүмкүн экенин билдирген. Муну ал органдын Вашингтон менен Брюсселге каршы болгон өлкөлөргө кысым көрсөтүү куралына айланганы менен түшүндүрдү.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости