www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өкмөт өндүрүш тармагын колдоо максатында бир жул мурун капиталы 1 миллиард сомду түзгөн Кыргыз индустрия мамлекеттик ишканасын ачкан. Натыйжада өлкөнүн өндүрүш тармагын алдыга жылдырып, гүлдөтчү ишкана жыл айланбай карызга батып, 1 миллиард сом асманга сапырылып кеткени маалым болду. 

Айталы, Кыргыз индустрия мамлекеттик ишканасында болгону 65 кызматкер эмгектенет экен. Эмне иш кылышаары боюнча конкреттүү функциялары жок. Аткарган кызматтары бүдөмүк. Кызыгы, болгону 65 кызматкери бар ишкананын жетекчилери иттин кара капталынан көп тура. Башкача айтканда, 1 президент, 4 вице - президент, 1 аппарат башчы, 2 кеңешчи жана 1 жардамчы бар экен. 

Анан май кармаган бармагын жалайт болуп, өздөрүнө олчойгон айлыктарды коюп алышкан. Президент 177.000 сом, вицелер 130.000 сом, кеңешчилери 120.000 сом, жардамчысы 90.000 сомдон айлык алышаары белгилүү болду. Депутат Жеңишбек Токторбаевдин маалыматы боюнча ишкана 1.5 жылдын ичинде 843 млн 543 миң сом каражат короткон. Бирок, бир тыйын киреше киргизген эмес. Мамлекеттен алган 1 млрд сомдун 843 млн 543 миң сомун 19 ишканага бөлүп берген. 54 млн 870 миң сомду Кыргыз индустриясы мамлекеттик ишканасынын кызматкерлерине айлык иретинде таркатылып берилген. Казынадан берилген 1 млрд сом максатсыз колдонулганы, учурда ишкана 300 млн сом карызга батып, кызматкерлер 3 айдан бери айлык алалбай жатканы айтылды. Мына жыйынтыгы. 

Минтип “Кыргызиндустрия” ишканасын түзүп, 1 миллиард сомду мыйзамдуу сиңирип кеткен акча жемейди ким ойлоп тапты? 

Деги эле мамлекеттин акчасын оңду-солду чачып, аты улук, супарасы курук, абада калкып турган ишканаларды түзүп, акча жеген схеманын артында ким турат? Дегенибиз, «Улуу көчмөндөр мурасы» деген холдинг түзүлүп бир канча миллиард сом кумга сиңген суудай жок болду. Эч ким жоопкерчилик тарткан жок. Мына «Асман» шаарын салабыз болуп, утопия жыттанган долбоордун эскизин чийгенге эле канча миллиард сом короп жатканы белгисиз. Атайын ушинтип билгизбей тымызын акча жеген схеманы ким киргизип, мамлекеттин акчасын келемиштей кемирип жатышат?..

Булак: NazarNews.kg

Последние новости