www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ күнү Жогорку кеңеш омбудсмен кылып прокурор Жамийла Жаманбаеваны шайлады. Ким акыйкатчы болгонун түшүнүү үчүн, депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, ал – өлкөдө азыр саясий куугунтук байкалбайт жана сөз эркиндигине дагы басым жок деп билдиргенин эле айтса жетиштүү.

Акыйкатчы институтунун азыр ашмалтайы чыккан жана ал парламенттин катардагы эле кызматкерине айлангандай болуп калды. Омбудсмендин эл арасында дээрлик эч кандай жогору кадыры жок болгондуктан, Жогорку кеңеш аны качан болбосун жана кандай болбосун шылтоо менен кызматтан алып сала алат.

Эгемендиктин 30 жылы ичинде биз негизги мамлекеттик принциптерди эмгиче түшүнбөйбүз – сотторду президент дайындаганы менен, алар президентке эмес, мыйзамга гана баш ийүүгө милдеттүү. Ошондой эле, маалымат каражаттарынын баш редакторлору – аларга акча төлөгөн кожоюнга эмес, журналистика принциптерине гана баш ийиш керек. Акыйкатчы дагы – бийликке жагынгандын ордуна ошол бийликтин алдында жарандардын укугун коргоого тийиш.

Последние новости