www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
New York Times гезити алган эксклюзивдүү маалыматтарга ылайык Моджтаба Хаменейди атасынын ордуна Жогорку лидер кылып алып келүү процесси таптакыр эле тынч өткөн эмес. Шайлоо жабык жана чыңалган шартта өтүп, Ватикандагы Папаны шайлоо (конклав) процессин эске салган.
Баары 7-мартта президент Пезешкиандын билдирүүсүнөн кийин тездеген. Ал коңшу Перс булуңундагы араб өлкөлөрүнөн кечирим сурап, чабуулдарды токтотууну жарыялаган. Анын айтымында, чыңалууну жараткан чечимдер Жогорку лидер жок учурда үч адамдан турган убактылуу кеңеш тарабынан кабыл алынган. Бул “жумшартуу” саясаты Ислам революциясынын сакчылар корпусунун (КСИР) нааразычылыгын жаратты.
Натыйжада генералдар “дароо Моджтабаны шайлагыла!” деген ультиматум коюшканы айтылат.
Маалыматтар боюнча, согушчул позициядагы генералдар – Вахиди жана Азиз Жафарий Эксперттер кеңешинен дароо Моджтаба Хаменейди лидер деп жарыялоону талап кылышкан. Мурдагы чалгын башчысы Таеб болсо 88 мүчөнүн ар бирине басым жасап, аятолланын уулун колдоо “моралдык жана диний милдет” экенин айткан.
8-мартта Эксперттер кеңеши онлайн жыйын өткөргөнү менен, талкуулар абдан курч өткөн. Консерваторлор Жогорку лидер тирүү кезде анын уулунун мураскер болушуна каршы экенин урматтоону талап кылышса, башкалары конституция өз алдынча тандоо укугун берерин айтышкан.
Шайлоо процесси төмөндөгүдөй болгон:
• Ар бир аятолла өз тандоосун кагазга жазып, мөөр басып жапкан.
• Атайын чабармандар бул конверттерди жашыруун түрдө эсептөө комиссиясына жеткирген.
• Моджтаба Хаменей 88 добуштун 59ун алып (үчтөн экиси) жеңишке жеткен.
Түн ортосуна жакын мамлекеттик ЖМКлар Моджтаба Хаменейди Ирандын жаңы Жогорку лидери деп жарыялашкан. Добуш берүү бир добуштан болбосо да, каршы болгондор да “ант берүү” менен макул болууга мажбур болушкан. Азыр ирандык элита жаңы лидердин айланасында “биримдик” бар деген көрүнүштү түзүүгө аракет кылууда. Ал эми жаңы лидер коомчулукка чыга элек, бирок көшөгө артындагы күрөш дагы күчөшү мүмкүн деп күтүлүүдө.