www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Юстиция министри Аяз Баетов жер тилкелерин 49 жылдык мөөнөткө ижарага берүү маселеси боюнча түшүндүрмө берди.

Анын айтымында, жерди 49 жылга ижарага берүү тартиби 1992-жылдан бери колдонулуп келет. Бирок бул мезгил аралыгында айрым ижарачылар жер тилкелерин алып, эч кандай курулуш иштерин жүргүзбөстөн, жөн гана кармап турган учурлар катталган.

«Мындай адамдардын арасында чет өлкөлүк жарандар гана эмес, Кыргызстандын жарандары да бар. Ошондуктан президент жер тилкелерин дароо 49 жылга эмес, алгач 10 жылга берүү маселесин кароону тапшырды. Эгер инвестор каражат салып, долбоорду ишке ашыра баштаса, мөөнөт 25 жылга чейин узартылат. Ал эми келишимде көрсөтүлгөн инвестиция толук аткарылгандан кийин 49 жылга чейин узартуу мүмкүнчүлүгү каралат», - деди министр.

Баетов белгилегендей, учурда бул маселе каралып жатат. Ал ошондой эле жер ресурстары чектелүү экенин белгилеп, жаңы жер тилкелери мамлекеттин кызыкчылыгын эске алуу менен гана берилерин кошумчалады.

Мындан тышкары министр миграция маселесине да токтолду. Анын айтымында, чек ара кызматынын маалыматтарына ылайык, Кыргызстанга кирип-чыккан чет өлкөлүктөрдүн арасында Кытай жарандары биринчи орунда эмес, бешинчи орунда турат. Алар негизинен виза менен келип, мөөнөтү бүткөндөн кийин өлкөдөн чыгып кетишет жана толук мамлекеттик көзөмөлдө болушат.

«Кытай жарандарынын арасында иштегени келгендер көп. Себеби алар ири долбоорлорду ишке ашырып, завод-фабрикаларды куруп жатышат. Ал эми турист катары келгендердин саны анчалык көп эмес», - деди ал.

Тышкы карыз боюнча маалымат берген министр Кытай Эл Республикасынан мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда 1 миллиард 796 миллион 853 миң 530 доллар карыз алынганын айтты.

Анын маалыматына ылайык, 2020-жылдан бери Кыргызстандын Кытайдан жаңы карыз алуусу болгон эмес. Тескерисинче, ушул убакыт аралыгында 419 миллион 840 миң 537 доллар төлөнүп, учурда карыздын калдыгы 1 миллиард 377 миллион 12 миң 993 долларды түзөт. Бул каражаттар белгиленген график боюнча өз убагында төлөнүп жатат.

Последние новости