www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери бажы мыйзамдарын бузууга байланыштуу 10 миң 448 укук бузуу жана кылмыш фактысын аныкташты.
Бул тууралуу 23-июлда өткөн укук коргоо ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктарына арналган ыкчам кеңешмеде маалымдалды.
Маалыматка ылайык, 10 миң 162 укук бузуу боюнча иш козголуп, анын негизинде 78,5 млн сом айып пул өндүрүлгөн.
Ошондой эле кошумча текшерүүлөрдүн жыйынтыгында 466,3 млн сом бажы төлөмдөрү бюджетке өндүрүлгөн.
Бажы тармагындагы кылмыштар боюнча 286 материал тиешелүү органдарга өткөрүлүп, мамлекетке келтирилген 503,5 млн сомдук зыяндын орду толтурулган.
Жарым жыл ичинде мамлекеттик бюджетке кошумча түшкөн каражаттын көлөмү 1 млрд 48 млн сомдон ашып, былтыркы ушул мезгилге салыштырмалуу 549,1 млн сомго көбөйгөн.
Мындан тышкары, бажычылар укук коргоо органдары менен биргеликте баңгизатка байланыштуу 45 кылмышты аныктап, мыйзамсыз жүгүртүүдөн марихуана, гашиш, апийим, психотроптук заттар, прекурсорлор жана кооптуу калдыктарды алып чыгышкан.
Кеңешменин жыйынтыгында Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары Нурбек Чегирткеев товарларды мыйзамсыз алып өтүүгө, баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө жана коррупциялык укук бузууларга каршы күрөштү күчөтүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди.