www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

УКМК тарабынан жоюлган кримавторитет Камчы Көлбаев менен каржылык байланышта болгон «Аю Холдинг» компаниясынын мурдагы президенти О.Б.А. кармалды. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.

Мындан тышкары, кармалган О.Б.А.нын Өзбекстандын кылмыштуу тобунун лидери, 2024-жылдын август айында Кыргызстандын аймагында издөө жарыяланган Салим Абдувалиев (Салим бойвачча) менен да байланышы аныкталып, ал Өзбекстанда бизнес жүргүзүүдө колдоо алуу максатында аны менен мамиле курган. 

О.Б.А. менен профилактикалык сүйлөшүү жүргүзүлүп, ал мамлекеттин өнүгүүсүндөгү алгылыктуу тенденцияларды белгилеп, Кыргызстандын саясий багытын колдоорун билдирип, уюшкан кылмыштуу топтордогу байланыштарынан жана кылмыштуулук идеологиясынан баш тартуу боюнча милдеттенме кабыл алынды. Азыркы учурда кармалган О.Б.А.нын өлкөнүн криминалдык түзүмдөрүнүн өкүлдөрү менен өз ара аракеттенүүсүнүн башка фактыларын аныктоого багытталган тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө. УКМК тарабынан кылмыштуу топторду, анын ичинде кылмыш курамын колдоп, каржылаган адамдарды аныктоо жана аларга бөгөт коюу боюнча иштер улантылууда.

Последние новости