www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кара-Көл шаарынын мурдагы мэри кармалды

УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пунктунда каралган кылмыш белгилери боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын экс-мэри Е.И. кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Кара-Көл шаарынын мэриясынын кызмат адамдары кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, Токтогул районунун Үч-Терек айылынан Кара-Көл шаарынын Кетмен-Төбө айылына чейинки узундугу 10 чакырымдан ашык суу түтүк тармагын куруу боюнча «К.Б.»ЖЧКсы менен атайылап пайдасыз келишим түзүшкөндүгү, анын натыйжасында мурда болгон суу түтүктөрү демонтаждалып, сатылып кеткендиги, ал эми жаңы тармакты куруу боюнча иштер сапатсыз аткарылгандыгы, буга байланыштуу түтүк өткөргүчтөр пайдаланууга жараксыз болуп, Кетмен-Төбө айылынын тургундары 10 жылдан ашык убакыттан бери ичүүчү таза суу менен камсыздалбай келишкендиги аныкталган.

Мындан тышкары, E.И. Кара-Көл шаарынын мэри болуп иштеп турганда мыйзамсыз жол менен алынган мүлктү легалдаштырган деп шектелүүдө.

Учурда УКМК тарабынан кылмышка тиешеси бар башка адамдарды жана келтирилген зыянды аныктоо боюнча ыкчам иликтөө иш-чаралары улантылууда.

Последние новости