www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы (ДАТП) менен биргеликте аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү колдоого багытталган долбоорлорду ишке ашырууну улантууда.
Министрликтин маалыматына ылайык, 2026-жылдын башынан бери өлкө боюнча инфраструктуралык, окутуучу жана киреше алып келүүчү 127 долбоор ишке ашырылып, аларга 3 миң 643 аз камсыз болгон үй-бүлө же жалпы 18 миң 285 жаран катышкан.
Долбоорлордун алкагында муктаж үй-бүлөлөргө 1 миң 151 тоннадан ашык азык-түлүк, анын ичинде ун жана өсүмдүк майы таратылды.
Ошондой эле республиканын айрым шаарларында «Коомдук пайдалуу иштерге (окутууга) катышуунун ордуна накталай акча каражаттары» схемасы боюнча 36 долбоор жүзөгө ашырылды.
Ага 1 миң 320 аз камсыз болгон үй-бүлө же 4 миң 782 жаран катышып, жалпысынан 19,1 млн сом өлчөмүндө акчалай колдоо көрсөтүлдү.
Белгиленгендей, бул долбоорлор турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөрдү колдоого, коомдук инфраструктураны өнүктүрүүгө, жарандардын жаңы кесиптик көндүмдөрдү өздөштүрүүсүнө жана киреше деңгээлин жогорулатууга багытталган.